Президент коронавируска каршы орусиялык вакцина жөнүндө: "Вакцинаны Кыргыз өлкөсүнө алып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат"

"Илдетке каршы күрөшүү иш-чараларынын алкагында биздин эки өлкөнүн тийиштүү органдары вакцинаны Кыргыз өлкөсүнө алып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат" деди президент Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиосуна" берген кезектеги маегинде билдирди.

Ал өлкөнү коронавируска каршы орусиялык вакцина менен камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан иш-аракеттер жөнүндө суроого жооп берди.

Мамлекет башчысы вакцинаны өлкөгө алып келүү абдан маанилүү экендигин жана коронавирус инфекциясы адамзаты үчүн дагы деле коркунуч туудуруп жаткандыгын белгиледи.

"Орусия дүйнөдө биринчи болуп коронавируска каршы вакцинаны иштеп чыгарды. Клиникалык сыноолордон өттү деп маалыматтарды беришти. Орусия акыркы күндөрү вакцинаны колдонууга киргизишти. Жакынкы убакытта вакцина массалык түрдө чыгарылат деп ишенем", - деди Сооронбай Жээнбеков.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Saiit
2020-09-12 22:04:56
Орусун колун карап олтурбай Биздин Прафесорлорду деле иштет 100000 пенсия алып олтурат тишин чукулап стейк жеп! Элге кызмат кылган бир Прафесор жок баары озун курсагын ойлот!!!
+3
AdylbekB84
2020-09-13 00:45:28
Өзүбүздөгү профессорлор эмне кылып жүрүшөт, иштеп чыгышпайбы вакцинаны.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан