Казакстанда коронавирус аныкталган төрт жарандын үчөө өлкөгө алып келинди. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.
"Казакстанда коронавирус аныкталган төрт жараныбыз айдоочу болуп иштешчү. Алардын үчөө биздин жараныбыз, бирөө Орусиянын жараны экен. Үч жараныбызды алып келип, жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырдык. Ал эми Орусиянын жаранын өлкөгө киргизген жокпуз", - деп билдирди министр.
Бүгүн, 7-апрелге карата Кыргыз өлкөсүндө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 228 адамга жетти. Алардын ичинен 19у медицина кызматкерлери.