"Кырдаалга байланыштуу жарандардан кайрылуулар абдан көп болууда. Алардын басымдуу бөлүгү мекенине кайтуу боюнча кайрылгандар", - деп билдиришти SUPER.KG порталына Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен.
"Абалды эске алуу менен учурда элчилик күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат, кезметтешип иштөө күнү-түнү уюштурулган. Себеби мекенине кайтуу маселесинен тышкары авиакаттамдардын кыскарышы боюнча дагы кайрылуулар көп болуп жатат", - дешти элчиликтин маалымат кызматынан.
Ошондой эле Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги жарандар үчүн төмөндөгүдөй маалыматтык эскертме берет:
2020-жылдын 20-мартынан баштап Кыргыз өлкөсүнүн аймагына бардык эл аралык авиакаттамдарга чектөө киргизилгендигине жарандардын көңүлүн бурабыз.
Мында аба транспорту менен эл аралык жүктөрдү ташууга жана коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын чечими менен чартердик каттамдар, ошондой эле төмөндөгү жүргүнчү ташуучу авиакаттамдарга гана уруксат берилет:
Москва–Бишкек–Москва («Аэрофлот» ПАК ) – аптасына 1 жолу;
Ош–Москва–Ош ( «АвиаТраффик Компани» ЖЧК ) – аптасына 1 жолу;
Новосибирск–Бишкек–Новосибирск («Авиакомпания «Сибирь» ААК) – аптасына 1 жолу.
Авиакаттамдардын уча турган так күнү кошумча маалымдалат.
Ошону менен бирге алдамчылардын курмандыгы болуп калбашы үчүн элчилик мекендештерибизди авикомпаниялардан же мобилдик тиркеме аркылуу гана сатып алуу керектигин сунуштайт.
Өз кезегинде Кыргыз өлкөсүнүн Орусия Федерациясындагы элчилигинде штаб түзүлгөн. Элчилик күчөтүлгөн режимде иш алып барууда, жарандарды кабыл алуу токтотулбастан, кызматкерлер күнү-түнү тез байланыш линиясында иштөөдө.
Кырдаалга байланыштуу кошумча маалымат алуу үчүн төмөндөгү телефондор аркылуу же электрондук даректерге: +499-237-48-82, 237-46-01, +495 237-44-52, +499-238-33-04 жана kgembassy.ru@mfa.gov.kg, www.elchi.ru байланышсаңыздар болот.
Тез байланыш телефону: +7 (925) 103-29-11.