Бүгүн, 29-апрелге карата өлкөдөгү стационарларда 284 бейтап коронавируска каршы дарыланып жатат. Оорулуулардын эң көбү Бишкекте, Чүйдө жана Ошто. Мындай статистика Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий сайтындагы күн сайын жаңыланып туруучу картасынан алынды. Ага ылайык:
Бишкек жана Чүйдө жалпысынан 232 жарандан коронавирус аныкталган. Анын ичинен 104ү айыгып, ооруканадан чыгарылса, дагы экөө (бири Бишкекте, экинчиси Чүйдө) каза болду. Калган 125 бейтап дарылануусун улантып жатат.
Ош облусу жана Ош шаары боюнча жалпы 271. Анын ичинен 124ү облустагы стационарларга жаткырылып, бүгүнкү күндө 99у айыкты. Дагы үчөө каза болду. Учурда 22 бейтап (Ноокат аймактык ооруканасында 17, Кара-Суудагы аймактык ооруканада 1, Өзгөндөгү аймактык ооруканада 4) стационарларда калууда.
Ош шаарында 147. Анын 83 бейтабы илдеттен арылса, дагы үчөө каза болду. Стационарларда калгандар 61 (Ош шаардык клиникалык ооруканасында 38, облустар аралык биргелешкен клиникалык ооруканасында 23).
Жалал-Абад облусу боюнча жалпы 113. Бүгүнкү күндө анын 98и айыгып, 15 бейтап стационарларда калууда. (Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында 8, Ала-Бука райондук аймактык ооруканасында 2, Сузак райондук аймактык ооруканасында 5).
Нарында жалпы 94. Анын ичинен 39у сакайып, 55и дарылануусун улантып жатат. (Нарын облустук ооруканасында 6, Кочкор райондук аймактык ооруканасында 2, Жумгал райондук аймактык ооруканасында 2, Ат-Башы районундагы аймактык ооруканасында 45).
Ысык-Көлдө жалпы 10. Анын 8 бейтабы оорудан айыгып, медициналык жайдан чыгарылса, 2 бейтап облустук ооруканада дарылануусун улантууда.
Баткен облусунда жалпы 9. Анын ичинен 29-апрелге карата алтоо айыгып, үйлөрүнө чыгарылса, Кадамжай районундагы аймактык ооруканасында 3 бейтап дарыланып жатат.
Буга чейин биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн маалымат жыйында Баткенде коронавирустан айыга элек 1 эле бейтап калганын айткан. Министрликтен 1 эмес 3 бейтап дарыланып жатканын билдиришти.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, стационарлар айрым аймактарда (район, айыл) түзүлгөн эмес. Бейтаптын абалы оорлошуп кетсе, шарты жакшы стационарга которулат. Мындан улам оорулуу жаран айыкканда кайсы аймактын ооруканасынан чыккан болсо, ошол аймактын статистикасына кошулуп, баланча аймактан мынча бейтап айыкты деп эсептелет.