Жалал-Абад облусунда жалган билдирүү тараткан адамга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 21-март күнү WhatsApp аркылуу белгисиз автор Жалал-Абад облусунун аймагында коронавирус илдети боюнча абал курч экендигин жарыялаган. Ал өзүнүн үн жазуусунда ооруканалардагы дарыгерлер медициналык бет кап жана тиешелүү каражаттар жетишпегендиктен, жумуш ордуларын таштап кетип жатышкандыгын жана Сузак районундагы карантинге алынган аймактан бейтаптар качып чыгып кетишкендигин жана оорулуулардын саны көбөйүп кетээрин билдирген.
Ошондой эле бул үн жазууну WhatsApp аркылуу группаларга жайылтууну жана Саламаттыкты сактоо министрлигине жеткирүүнү белгилеген. Ал мунун себеби катары Жалал-Абад облусундагы коронавирус боюнча маалыматтар так берилбей, жаап-жашырылып жаткандыгы менен түшүндүргөн.
Аталган факты Жалал-Абад ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 344-берене "кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Бул фактынын бетин ачуу максатында кечиктирилгис чаралар көрүлүп, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн тиешелүү иштердин натыйжасында Жалал-Абад шаарынын 1980-жылы туулган Ш.К. аттуу жараны кармалган. Тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн чогулган материалдар Жалал-Абад ШИИБине өткөрүлүп берилди.