Сутка ичинде өлкөдө дагы 21 жаран коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Муну менен ооругандардын жалпы саны 729га жетти. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Коронавируска кабылгандар төмөнкү аймактардан:
Бишкек шаары – 13;
Ош облусу - 1;
Нарын облусу - 6:
Баткен облусу - 1.