Июнь айынын аягында Кыргыз өлкөсүндө коронавирус ооруларынын саны 4 миң 900гө жетиши мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда премьер-министрликке талапкер Кубатбек Боронов журналисттерге билдирди.
Ал коронавирустун күч алышы болжолдонгондой эле болуп жатканын айтты. Анын айтымында, коронавируска каршы күрөшүү республикалык штабды биринчи вице-премьер-министрликке талапкер Алмазбек Баатырбеков жетектеши мүмкүн.
Бүгүн Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы Бороновдун талапкерлигин колдоду.