"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Москва-Бишкек темир жол каттамы менен келгендер текшерилген жок деген кабарга "Кыргыз темир жолу" жооп берди

Буга чейин "Элдик кабар" бөлүмүнө "Москва-Бишкек темир жол каттамы менен келдик, жүргүнчүлөрдү коронавирусту аныктоо үчүн текшеришкен жок" деп кайрылган окурмандын кайрылуусу чыккан.

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын басма сөз кызматынан маалымат чындыкка жатпай турганын билдиришти.

"Москвадан поезд 20-мартка караган түнү Бишкекке келген. Поезддин жетекчиси Абдылдаев жүргүнчүлөр текшерүүдөн өткөнү тууралуу видео отчёт берген. Чек араны жалпы 59 жүргүнчү, 20 поезд бригадасынын мүчөсү жана 5 вагон ресторанынын кызматкерлери кесип өтүшкөн. "Кайыңды" постунан санитардык-эпидемиологиялык станциянын кызматкерлери тарабынан тепловизор менен ар бир жүргүнчү, поезд бригадасынын мүчөлөрү текшерилип, эч кимден коронавирус оорусуна шек аныкталган эмес", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.

Ошондой эле ишканадан 17-марттан тартып Кыргыз өлкөсүнөн кетүүчү бардык эл аралык темир жол каттамдары убактылуу токтотулганын билдиришти.

Москва-Бишкек темир жол каттамындагылар коронавируска текшерилген эмеспи?
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
TIMON_BERKOWITZ
2020-03-23 11:40:23
Косягы билинип калса эле жалган дегенди үйрөнүп алышты бийликтегилер..
+10
Samatalibei
2020-03-23 11:41:46
Анда маалыматты тараткан адам жалган айтса жооп бериш керек да!
+6
fora
2020-03-23 11:48:12
Текшердик деп алдап койдунарда эптеп
+2
KAPTA
2020-03-23 11:49:25
Текшергенине деле ишенбейм булардын.
Жалган айтып көнүп калышкан. Кечээ жакында эле горяч.линияга чалсак эчким иштебейт, эртең эрте мн келгиле деди деп эки үч аял айтып чыкты го. Анда эмнеге даярданышты булар?
+4
katerina.li
2020-03-23 11:55:03
"калп,жалган,чындыка дал келбейт,дайте факты " деген эле создор. Калк айтса калп айтпайт деген да соз бар элибизде. Анан дагы "Каинды" эмес "Кайынды" деп Аталыш керек элего жердин аты
+2
chake
2020-03-23 12:45:56
эл бузар жалган маалымат тартакан адамдардын бугун элдин астында кечирим сурап жалдырагандарын коруп жатабыз ошолдун катарындагы бир акылдуу окшойт да бул маалматты тараткан байкуш дагы
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан