Бүгүн, 24-июнга карата дүйнөнү каптаган коронавирус илдети жер жүзүндөгү 9 миллион 237 миң 640 адамга жукту.
Маалыматка ылайык, илдеттен 474 миң 609 адам көз жумду. 4 миллион 604 миң 130 бейтап ооруну жеңип чыкты.
Оору көп жайылган өлкөлөрдүн башында АКШ турат, анда инфекция жуктуруп алгандар 2 миллион 342 миң 739га жетти. Андан кийинки катарда Бразилия - 1 миллион 106 миң 470, Орусия 598 миң 978, Индия - 440 миң 215, Улуу Британия 307 миң 682 бейтап менен турат.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.