UFC: "Хабиб Нурмагомедов өз үйүндө машыгууда"

UFC уюмунун чемпиону орусиялык Хабиб Нурмагомедов коронавирустан улам АКШдан кайтып келип, Тони Фергюсонго каршы беттеш үчүн үйүндө машыгууда. Бул тууралуу мушкердин атасы Абдулманап Нурмагомедов жергиликтүү басылмаларга билдирген.

"АКШдагы акыркы бир жарым ай машыгуудан кийин Хабиб жана анын командасы 22-мартта өлкөгө келди. Хабиб азыр жакшы формада. Биз UFC 249 турнири каякта өтөт деп күтүп жатабыз. Хабиб азыр үйдө жана үйдөн эч жакка чыкпайт. Өзүбүздүн үйүбүздө 1992-жылы салынган машыгуучу залыбыз бар. Ал ошол жактан беттешке даярданат", - деп билдирген Абдулманап Нурмагомедов.

Маалыматка ылайык, UFC 249 турниринин алкагында Нурмагомедов-Фергюсон беттеши 18-апрелде Нью-Йорк шаарындагы 19 миң көрүүчү бата турган "Барклайс-Центр" спорттук аренасында өткөрүү пландалган. Бул шаарга өзгөчө кырдаал жарыялангандан кийин, UFC уюмунан беттешти өткөрүүгө ыңгайлуу жай издеп жатканын билдиришкен.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
rysik79
2020-03-23 15:41:42
Абдибайит уулу Буся каякта ошону жазсанар хабипти коюп. Бирок Ырас эле болуптур уйуно келип.
-1
Baro
2020-03-23 19:50:36
Хабиб сен чыныгы мушкерсин сага ийгилик!
+2
KAYRATBEK
2020-03-24 02:26:36
Аллахым баарыбызды кечирсин амин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан