"Коронавирус кет, кет, кет", "Сен сак болсоң Кудай сени сактайт". Карантинде жатып коронавируска ыр арнагандар

Дүйнө жүзүнүн көптөгөн өлкөлөрүндө өзгөчө кырдаал киргизилип, жергиликтүү калк карантинде үйдө жаткан учуру. 24 саат бою үйдө отурганда, албетте, чыгармачылык ойгонуп, адамдар ар кандай видеолорду тартып, ырларды жазып, атүгүл, балконго чыгып концерт бергенге жетишип жаткан убагы.

Алгачкылардан болуп коронавируска арнап казактын белгилүү композитору Марат Омаров "Коронавирус кет, кет, кет" деп ырдап, социалдык тармакка чыгарган. Аталган ыр казак жана кыргыз жергесине жайылып, интернет колдонуучулары челлендж катары ырдап, өз баракчаларына жарыялай башташкан.

Чыгармачылыкка жакын келген мекендештерибиз да бул актуалдуу темадан артта калбастан ыр чыгарып, элди жеке гигиенаны сактоого, үйдө отурууга жана бет кап тагынып жүрүүгө чакырышкан.

"Коронавирус" жөнүндө ыр
"Коронавирус кет кет кет"
"Сен сак болсоң Кудай сени сактайт" вируска арналган ыр
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aydinnur
2020-03-23 16:17:44
Коронавирус кет-кет-кет,
Жер тубуно жет-жет-жет.
Маскадан туурулду бет-бет-бет,
Замандаш эч бир эринбей,
Колго спирт сеп-сеп-сеп))
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан