Улуу Британиянын саламаттыкты сактоо министринин орун басары коронавирус менен жабыркай турганын билдирди

Улуу Британиянын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Надин Доррис коронавируска кабылды. Вирусту жуктуруп алганын ал өзү билдирген деп жазышат чет элдик басылмалар.

Надин Доррис жасаган билдирүүсүндө учурда үй шартында карантинде экенин, бардык адамдар менен болгон байланышын убактылуу токтотконун, абалы жакшы болуп баратканын айткан.

Британиянын жергиликтүү маалымат каражаттары Надин Дорристин коронавируска кабылганы белгилүү болгонго чейин, ал парламенттик жыйындарда болгонун, бир катар аткаминерлер менен жолугушканын, өлкөнүн премьер-министри Борис Жонсон менен кол алышып учурашканын жазышкан.

Учурда Улуу Британияда 382 адам коронавирус менен жабыркап, 6 адам каза болду.

11-16-мартта Казакстанга коронавирус келеби? Илдет тууралуу акыркы жаңылыктар
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан