Кыргыз өкмөтү кээ бир азык-түлүктөрдү сыртка чыгарууга убактылуу чектөө киргизип, бул тууралуу буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.
Кыргыз өлкөсүнүн Соода-Өнөр Жай Палатасынын орто жана чакан ишкерликти колдоо комитетинин төрагасы Авазбек Керимбаев SUPER.KG порталы аркылуу кээ бир ишкерлерди эреже сактап, токтомго баш ийүүгө чакырды.
"Баарыбызга маалым болгондой, Кыргыз өлкөсүндө кээ бир азык-түлүк товарлардын түрлөрүн сыртка ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды. Убактылуу тыюу алты ай мөөнөтү менен берилген. Бул токтом менен айрым товарлардын тизмеги дагы чыккан. Тизмекте бир нече азык-түлүк бар. Мындан улам бул айтылган товарларды сыртка ташыган ишкерлерге кайрылып, "токтомду түшүнүү менен кабыл алыңыз" деп айткым келет.
Себеби өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизилгенинен улам, элди камсыздоо максатында азык-түлүк азайып кетпөөсүн өкмөт алдын алып жатат. Өзгөчө белгилеп кетүүчү нерсе бул товарлардын түрү Кыргыз өлкөсүнө башка мамлекеттен келсе болот жана өлкө ичинде дагы соода кылууга болот, бирок жалгыз гана белгиленген азык-түлүк товарлары башка өлкөгө чыкпоосу керек", - деп билдирди Керимбаев.