Бүгүн, 23-март күнү Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирус боюнча онлайн жыйын өткөрүп, анда Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова маалымат берүүдө.
Анда коронавирус менен ооругандарды дарылаган кызматкерлердин жана дезинфекция кылгандардын кийимдери талапка жооп береби деген суроо берилди. "Дезинфекция кылган кызматкерлердин формалары талапка жооп берет. Ошондой эле коронавирус менен ооругандарды дарылаган врачтар вирустун очогуна киргенде, талапка жооп берген формаларды кийип жатышат. Бүгүн бизге 8000 коргоочу костюм келди. Ал Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына бөлүнүп берилди. Жеке коргоочу каражаттар жетишсиз болушу мүмкүн. Анткени бул каражаттар күн сайын колдонулуп жатат", - деп билдирди Акматова.