Бишкектеги Республикалык СПИД борборунун бир кызматкери коронавирус жуктуруп алып, учурда инфекциялык ооруканада дарыланып жатат. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз өкүлү ырастады.
Маалыматка ылайык, аталган борбордо санитарка болуп иштеген кызматкер илдетти мекемеден эмес башка жактан жуктуруп алган.
"Орозо айт майрамына карата 25-майда эс алуу болгон. Эртеси күнү кызматкер дене табы көтөрүлүп жатканын айткан. Жетекчилик ага ишке чыкпай туруусун билдирген. Шаршемби күнү кызматкердин дене табы калыбына келгендиктен ишке чыккан. Лабораториядан андан коронавируска тест алынып, жыйынтыгы илдеттин бар экенин тастыктаган.
Бул окуядан кийин аталган мекеменин бардык кызматкерлери тест тапшырышып, жыйынтыгы оору жок деп чыккандан кийин үйлөрүнө жиберилген. Ал эми СПИД борбору карантинге алынган. Илдет аныкталган кызматкер менен тыгыз байланышта болгондор обсервацияга жаткырылган", - дешти мекеменин маалымат кызматынан.