Ат-Башыда чектөөлөр алына элек. Буга байланыштуу мал базарга башка аймактан келгендерге кирүүгө тыюу салынат

Коронавирус пандемиясынан улам киргизилген чектөөлөр алына элек. Буга байланыштуу Ат-Башы районуна базар күнү мал базарга келгендерге районго кирүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу район акими Нурбек Сатаров онлайн брифинг учурунда айтты.

"Райондо карантиндик режим алына электигине байланыштуу 7-июнь базар күнү мал базарга башка аймактардан келген жарандарга кирүүгө тыюу салынат. Ал эми жергиликтүү калк базардын кире беришиндеги посттон текшерүүдөн өтүп, сөзсүз түрдө бет кап тагынуулары, санитардык аралыкты сактоолору керек. Жарандарга базардын ичинде көп убакытка чейин жүрүүгө болбой турганын эскерте кетейин”, - деди аким.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан