Бүгүн, 23-март күнү Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирус боюнча онлайн жыйын өткөрүп, анда саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова маалымат берүүдө.
Ал Нарын облусунда коронавирус катталган учур болбогонун билдирди.
"Нарында вирус катталган жок. Умрага барып келген жарандар обсервацияга алынган. Алардын анализи таза чыкты. Бирок алардан 12 күндөн кийин дагы анализ алынат", - деди ал.