Эпидемиологиялык кырдаал туруктуу аймактарда 1-11-класстарда окутуу салттуу түрдѳ ѳткѳрүлѳт. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта онлайн брифингде билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
"Эпидемиологиялык кырдаал туруктуу, балдардын жана мугалимдердин ден соолугуна жана ѳмүрүнѳ коркунуч келтирбеген аймактарда (“жашыл зоналарда”) менчигинин түрүнө, тибине карабастан 1-11-класстарда окутуу салттуу түрдѳ ѳткѳрүлѳт. Окуучулардын саны абдан аз болсо, “нѳѳмѳт” класстар ачылышы мүмкүн", - деди ал.