Боливиянын убактылуу президенти коронавирус жуктуруп алды

Боливиянын убактылуу президенти Жанин Аньес коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу ал өзүнүн Твиттердеги баракчасына жазып чыкканын дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык, ал COVID-19 инфекциясына каршы тест тапшырган. Жыйынтыгы вирус бар экендигин көрсөткөн.

"Вируска каршы тест тапшырдым, натыйжада коронавирус бар болуп чыкты. Абалым туруктуу, изоляцияда болуп, ишимди уланта берем", - деп жазган.

Жанин Аньес бул кызматка 2019-жылы ноябрда аталган өлкөнүн мурунку президенти Эво Моралес отставкага кеткенин жарыялагандан кийин киришкен.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
assanov97
2020-07-10 10:08:00
Жаш коруноткен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан