"Белгилүү эле адамдар куран окутууга, той өткөрүүгө уруксат берүү боюнча кайрылып жатышат" дейт министрликтин өкүлү

Өлкөдөгү атактуу жарандар тарабынан куран окутууга, той өткөрүүгө уруксат берүү боюнча сунуштар түшүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев жыйын учурунда айтты.

"Аттуу-баштуу эле адамдар үй-бүлөлүк иш-чараларды кафе, ресторандарда өткөрүүгө уруксат берүү боюнча кайрылып жатышат. Ошондой эле жеке ишкерлер, тагыраагы кафе, ресторандарды иштеткендер тарабынан дагы штаттык режимде иштөөгө уруксат качан берилет деген кайрылуулар болууда. Бирок өлкөдөгү эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Андыктан массалык иш-чараларды өткөрүүгө азырынча уруксат берилбейт", - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kairat1996
2020-06-12 11:25:43
Аттуу баштуу, белгилуу адамдар дегенди кандай тушунсо болот. Мыйзамда белгилуу жана белгисиз адамдар деген тушунук жок. Андай тушунук болбош дагы керек. Адамдар баары бирдей. Анда белгилуу ырчылар, саясатчылар, молдолор оз билгенин кыла беришсин. Мунун аягы каша болот. Мыйзам баарына бирдей.
+2
Gsuita
2020-06-12 11:34:28
Ошто жөнөкөй адамдар деле кафеде куран окутуп жатышат. Аларды эч ким көзөмөлгө албай жатат.
0
Belek1710
2020-06-12 11:41:04
Белгилүү адамдарда түшүнүк жок болсо, анда белгисиздерге жол болсун!
+1
Ma9
2020-06-12 12:31:07
Жалал абадда той деле болуп атат рестаранда кундо той кундо ма1рам болуп аларды неге текшербейт
0
nargiz-sa
2020-06-12 13:19:08
Уруксаат сурабай эле өткөрүп жатышат го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан