Кыргыз өлкөсү "COVID-19суз саякаттоо" санарип демилгесине тест режиминде кошулду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, учурда Кыргыз өлкөсүнүн аккредитациядан өткөн эки мамлекеттик лаборатория (Бишкек шаарында - Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти. Ош шаарында - Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору) тесттик режимде платформага туташтырылды.
"COVID-19га тапшырган ПЦР тесттин натыйжасын алуу үчүн колдонуучу App Store же Google Play'ден "COVID-19суз саякаттоо" тиркемесин жүктөйт.
Тиркеме колдонуучуга COVID-19га тест тапшыра турган жакынкы лабораторияларды көрсөтөт. Лабораторияга барганда колдонуучу анализдин жыйынтыгын тиркеме аркылуу алуу ниети жөнүндө билдириши керек. Бул учурда колдонуучуга жеке маалыматтарды иштеп чыгуу жана мобилдик тиркемеде натыйжаларды алуу үчүн макулдук баракчасы берилет. Макулдук баракчасындагы QR кодду колдонуучу мобилдик тиркеме аркылуу сканерлеши керек. Андан ары тесттин жыйынтыгы даяр болгондо, колдонуучу тестирлөөнүн натыйжасын QR код түрүндө алат.
Учурда жарандарга ыңгайлуу болушу үчүн жеке лабораторияларды "COVID-19суз саякаттоо" платформасына туташтыруу боюнча даярдык иштери жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө бул маалымат тутумуна Беларусь, Армения Республикасы жана Орусия кошулган.