Кыргыз өлкөсүндө коронавирус жуктурган дагы 26 адам катталды. Ооругандардын жалпы саны 42

2020-жылдын 24-мартына карата республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруп алган дагы 26 адам катталды. Мындан улам Кыргыз өлкөсүндө жалпы 42 адамдан COVID-19 вирусу аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Алар төмөнкү медициналык мекемелерде жайгашкан:
Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада;
Ош облустар аралык клиникалык ооруканасында;
Ноокат аймактык ооруканасында;
Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында;
Баткен облустук бириккен ооруканасында;

Мындан сырткары ооруканага жаткырылган дагы 4 адамдан алдын ала коронавирус бар деген жыйынтык чыгарылды (контролдук изилдөөлөр жүргүзүлүүдө). Ошондой эле 96 адамдын анализдери шектүү реакция болуп, азырынча терс жыйынтыгын көрсөтүүдө.

Бардыгы болуп 142 адам ооруканага жаткырылды (68 эркек, 74 аял).

Жаткырылгандардын арасында бир жашка чейинки 2 бала бар. Алардын ичинен бирөөсүндө коронавирус инфекциясы аныкталды;
6 жаштагы 1 балада – коронавирус инфекциясы аныкталды;
14 жаштагы 1 өспүрүмдө – коронавирус инфекциясы аныкталды;
Калгандарынын жашы – 16дан 86 жашка чейин.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (44)
jurogumdosun
2020-03-24 13:53:01
Бул кыргыздарга акыл кирбейт экен озу
+9
Ananaska
2020-03-24 14:10:41
Ну да, офигенный власть. Канча элди киргизир атасынар, башка олколор граничныц пунктарын жаап атса, биздикилер отурат "ограничен въезд/выезд". Канча эл кирди. Пакистан, Тайланд, Вьетнам ушулар мн кошо кирди ошол вирус
-4
Alinur96kg
2020-03-24 17:40:06
Ananaska,сиз жазган мамлекеттерден келген эмес,умрага барып келген кыргызстандын жарандарынан жукту.
+1
Ananaska
2020-03-24 18:42:30
Alinur96kg, где факт, того что кечээ кирген элдин арасында томондогу улуттар жок деп?
-1
Alinur96kg
2020-03-24 19:31:39
Ananaska,мен биринчи жугузгандар тууралуу жаздым эжекеси
+2
katerina.li
2020-03-24 22:57:22
Ananaska,факты где дегенди жаттап алыпсынар гобаарынар
+2
modem4999
2020-03-24 14:16:22
Бироону куноологонго уже кеч болуп калды туугандар, андан коро уйдон чыкпай отуралы, туура сактаналы.
+7
akmanai
2020-03-24 14:19:00
Коррнавирус КРга келсе кырылып калабыз деп какшагандар ниетинерди ондоп, суйлогон созунорду ойлоп суйлосонор болмок. Кудай сактасын бизди эми. Уйдо отуралы. Мамлекетибизге берген эн чон жардамыбыз ошол болсун
+6
Enjela
2020-03-24 14:20:20
Менда чарчадым кайнатама кочого чыкпаныз деп айлам кетти,тушунбойт экен келип келип эле балдардын коопсуздугу учун жаман корунуп атам ушундайларга кандай чара колдонсо болот
+6
ulanbek2000
2020-03-24 14:29:17
Кайсыл облустан . Кайсы райондон чыкты. Толугураак жазып койгулачы пж
+1
Usow
2020-03-24 14:34:30
Катталгандар Бишкек, Ош, Ноокат, Жалал Абад, Баткен деп ататго
+2
Nuri1988Elim2010
2020-03-24 14:37:52
Эх, ошол дүйнөдө болуп жаткан убакта эле таможныйларды жаап алдын алганыбызда бул иштер болмок эмес, Умрага барып келгендерден чыгып жатат вирус.
Аллахым өзү сактасын эми карапайым элибизди, мамлекетибизди
+3
Nuri1988Elim2010
2020-03-24 14:38:22
Ошол тентип вирус алып келгендерди айып пулга жыгыш керек
+4
Usow
2020-03-24 16:13:54
Nuri1988Elim2010,
Айып пулга жыксан эле вирус токтоп калчуудай суйлодунго, кантип андай кыласын ооруп аткан адамды.
-4
Nuri1988Elim2010
2020-03-24 16:25:06
Usow,сизда ошолордун арасында окшойсузда,
Биринчи Аллахым өзү сактасын, бирок ушундай учур болуп жатканда эмне бар эле ошол жактарда.
Айып пулга жыгыш эле керек,
+2
samirabi
2020-03-24 16:22:01
Жаш балдар ошол ооруугандардыкы бекен?Так маалымат беришпейби?
0
nurik11-29
2020-03-24 16:40:45
Окунучтуу!!!
0
ulanbek2000
2020-03-24 17:30:16
Карантин учурунда сыртта иши жок тентип жүргөндөргө аябай жиним келет.
+2
akmanai
2020-03-24 18:54:12
ulanbek2000,Айтпаныз( Менин кайнатам да эрте менен чыгып кетет ошо менен тушто келип кайра чыгып кетет, кайын энем жаны эле кошуналар чай ичкиле деп чакырган экен ошол жакдан келди, жолдошум болсо футбол ойноп журот( Апамдар чалып уйдо отургула деп атат. Уйумо эле барып тургум келип атааат( Коркуп атам
+1
Arstan18.18
2020-03-24 19:11:34
Супер ушунча элге кайдан кантип жуктургандыгы кандай контакт болгонудугу жонундода тактап жазсанар болобу? Булар Жана умрадан келгендер мн контакт болгондорбу? Же башка жолдор аркылуубу уйдо отурупда кыжаалат болуп жатабыз(
+3
admin_portal
2020-03-25 13:58:25
Arstan18.18, бул жактан бардык маалыматтарды таба аласыз.
https://www.super.kg/kabar/similar/1501
0
KG.Kushtarbek
2020-03-25 02:31:18
Мен москвадамын бирок озумдон емес Уйумдогулордон кобуроок ойлоном биз не болсок бололук Ата енем бир туугамдарды кыргызстаныбызды етият кылсын
+2
KG_7755
2020-03-25 06:40:54
Болор нерсе болду. Эми мындан ары үйдөн чыкпай, айтылгандарды аткарып эле олтурсак бул ооруну жеңебиз. Жараткан Аллах Таала баарыбызга сабырдуулук берсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан