Испанияда коронавирус менен ооруган бейтап оорукананы өрттөп жиберди

Испаниянын Кадис шаарында коронавирус менен ооруган бейтап оорукананы өрттөп жиберди. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Өрт оорукананын алтынчы кабатынан чыгып, 20 палатанын ичинен эки кабатты каптады. Бешинчи, алтынчы жана жетинчи кабаттагы бейтаптар оорукананын башка аймагына эвакуацияланды.

"Коронавирус илдетинен жабыркаган адам ооруканадан чыгам деп чыр салган. Андан соң палатадагы матрасты күйгүзүп жиберип, ал чоң өрткө алып келди. Өрт алтынчы кабаттагы эки палатаны каптаган. Ал адам кармалды. Окуя болгон жерге өрт өчүрүү кызматы келип, өрттү чектөөгө алган", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан