Бүгүн, 24-августта "Манас" эл аралык аэропортуна "Авиа Траффик" авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Екатеринбургдан 154 Кыргыз жараны мекенине кайтып келди, анын ичинде балдар да бар. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Бул каттам менен Бишкекке Екатеринбург, Челябинск, Тюмень, Магнитогорск, Курган, Пермь жана башка шаарлардан мекенине чукул түрдө кайтууга муктаж болгон жарандар (ар кандай оорусу барлар, улгайган курактагылар, кош бойлуу жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле оор турмуш кырдаалына кабылган жарандар) учуп келди.
Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз жарандарын өлкөгө кайтарып келүү иштери улантылууда.