Колумбиянын борбору Богота шаарындагы абакта жаткандар абактын тазалыгы начар жана көп адам бар деп ызы-чуу чыгарышкан. Натыйжада баш аламандык орун алып, 80 киши жарадар болуп, 23 адам каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыкты.
Колумбиянын бийлиги бул баш аламандык коронавирус пандемиясы өлкөдө жайылып жаткандыгынан улам чыкты деп билдиришкен. Өлкөнүн юстиция министри Маргарита Кабелло "Бул абакта коронавирус оорусун жуктурган адам катталган эмес", - деп билдирген.
Мааалыматка ылайык, бул мамлекетте коронавирус оорусун 378 адам жуктуруп алган.