Экс-муфтий Чубак Жалилов 45 жашында пневмониядан каза болду. Ал кечээ ооруканага оор абалда жеткирилген эле

Экс-муфтий, белгилүү дин аалымы Чубак Жалилов пневмониядан улам каза болду. Бул тууралуу анын санаалаштары билдирди.

Кечээ, 10-июлда ал оор абалда Улуттук госпиталга жеткирилгени маалымдалган.

Социалдык тармактагы расмий баракчасына жазылгандай, экс-муфтийдин жаназасы бүгүн, 11-июлда болжол менен саат 16:00-18:00дө Базар-Коргон районуна караштуу Бай-мундуз айылында өтөт.

Дин аалымы соңку ирет 4-июлда оңдоп-түзөөдөн өткөн мечитти обсервация катары пайдаланууга берүүгө даяр экенин айткан эле.

Экс-муфтий 1975-жылы 21-январда Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында төрөлгөн.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Чубак Жалиловдун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Чубак Жалилов пневмония илдетинен көз жумду
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (65)
meku89
2020-07-11 10:29:18
Жайы жаннаттан болсун!!! Кандай гана залкар инсаныбыздан айрылдык... Ишене албай турам.
+3
al-abu-kinesz
2020-07-11 10:42:04
Инна лиллахи уа инна илайхи рожиьун... Ээ Аллахым, устазыбызды оз рахматына ал, биз ыраазыбыз, ото ыраазыбыз Чубак ажыкебиздин элге кылган мээнетине!
Ишене албай турам, тушум болсо экен деп... ((
+3
meni_kut
2020-07-11 11:33:43
Ушул кыргыздын душманы тенирчилерди Ip-адреси супер инфодо сакталуу, эл аза тартып жатса табалаганы учун жооп берсин!!!!Супер инфо укук коргоо органдары чара корсун.
+2
meni_kut
2020-07-11 11:35:45
Адам олсо табалаган бул эмне деген дин?Тенирчилердин чыныгы жузун кордунуздор элим.
+6
Arman007
2020-07-11 11:38:01
Оо Кудайым кандай гана адамдар отуп кетип жатат больница га тушту деп да укпадым эле алдын ала Кудайдан тиленмекмин жакшы болуп кетсин деп Аллахым озун сакта Мусулман элимди . жаткан жери жайлуу болсун Ажыбыздын. ойума эчтеке келбей эле отуруп калдым жаман болду ((((((((
+4
elinur
2020-07-11 11:45:25
Жайы жаннатан болсун кудайым оо дуйнодо сурагын женил кылсын уй булосуно сабыр берсин
+2
Ulanbek1992
2020-07-11 11:45:32
Интернеттен кимдин сабактарын көрөбүз эми?(((( Аллахым жаткан жериңизди Жаннаттан кылсын.
+2
Hanzada.sabih
2020-07-11 13:04:54
Ээх кандай гана жоготуу,ичим куйуп,эншерилип жаман болуп турам,Аллахым бейишин берсин,озу дайыма дуасында калтырбай айткан созундой шерменде кылбасын!не бир асыл жан эле,бир кулдуруп,бир урушуп жеткирип койчу созун,ажалга айла жок тура...
+3
Perfekt
2020-07-11 13:17:05
Угуп ишенбей атам.....
+2
gukush00
2020-07-11 13:50:59
Тоону коздой алым калбай калгыча чуркап барып окуруп кыйкырып жер чапчып озумду озум чапкылап алгым келип атат. Неге ушундай жакшы адамдар. Эмне учун? Журокту жаралап ыйлатып кете Берлин. Насаатына кенешине муктажмын урматтуу менин
+3
sale-81
2020-07-11 16:26:50
Ишенбей жаман болуп атам, эх Аллахым кандай адамды алып Кетти, эки сааттан кийин Ким эмне болуп кетерин билбейтда, жаткан жери жайлуу болсун, дагы канча деген айтылбаган Дин билимдери калып калды, бул да кыргыз элине Алла талаадан берилген сынак, туугандар сынака сынбайлы , абдан эле чоон жоготуу болду,
+1
mateus
2020-07-11 17:23:20
Аллахым жакшыны алып кетет деген туура экен да, аттин ай заман не болуп жатат. Бир жагынан устазыбыз бир жагы жердешим эле
+2
sumaya
2020-07-11 18:34:29
Ээх орду толгус оор жоготуу,журогум кошо ыйлап атат,Жаткан жери жайлуу топурагы торкоо болсун ажыкебиздин.Аллахым бейиштин торунон орун берсин ылайым.Ажыке сиз олбодунуз,кыргыз элинин журогундо жашайсыз.
+1
-adam
2020-07-11 20:12:19
Жашоонун дагы Бир жолу жалган экенине ишендим.Ошондуктан эртенибизди ойлойлу.Бугун бар да,эртен жок экенбиз!
0
dobrajelatel
2020-07-12 02:24:41
11.07.2020 ислам дуйносундогу нурлуу жарык жалп очту, ааламдан оттуу. Жок эми Чубак ажыбыз. Ишенгим келбеди. Жашаш керек болчу. Аттин ай.. Арман дуйно миллионногон адамдын ыйланып кете берди. Ажыкебиз олгон жок. Элеси, акыл насааты туболук журогубуздо сакталат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан