Кыргыз өлкөсүндө медициналык бет каптарды лицензиясы жок, мамлекеттик каттоосу жок чыгарууга жана сатууга уруксат берилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Тиешелүү буйрукка 23-мартта өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.
"Коронавирус пандемиясына байланыштуу калкты дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун негизинде фармацевттик жана ишкердик иш-аракеттер субъекттерине төмөнкүлөргө уруксат берилгени жазылат:
- Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттардын жана медициналык буюмдардын улуттук тизмесине жана саламаттыкты сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилген коронавирус инфекциясына диагноз коюу жана дарылоо үчүн зарыл болгон дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын тизмесине киргизилген дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды (мында алып келинген дары каражаттары жана медициналык буюмдар ѳндүрүүчүнүн ѳлкѳсүндѳ катталган болушу керек) мамлекеттик каттоосуз алып келүүгө уруксат берилет;
- мамлекеттик жана расмий тилдерде таңгагынын маркалоосу – мамлекеттик же расмий тилдерде стикерди колдонуу менен болсо;
- мамлекеттик жана расмий тилдердеги медициналык колдонуу боюнча нускамасы − мамлекеттик же расмий тилге котормосун камсыз кылуу менен болсо;
- ошондой эле Кыргыз өлкөсүнүн аймагында катталган, Улуттук тизмеге киргизилген, маркаланышы боюнча же медициналык колдонуу боюнча нускамада катталгандардан айырмасы бар дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды алып келүүгө уруксат берилет. Медициналык бет каптарды лицензиясы жок жана мамлекеттик каттоосу жок чыгарууга жана сатууга дагы уруксат берилет.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана ал расмий жокко чыгарылганга чейин күчүндө болот.
Кыргыз өлкөсүндө коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын жалпы саны 42 адам.