Варшавада COVID-19дун айынан Жаңы жыл бул жылы майрамдалбайт. Бул тууралуу Варшава шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиргенин дүйнөлүк бир катар басылмалар жазып чыгышты.
Анда жазылган маалыматка ылайык, эпидемиологиялык абалга жараша бул жылы Жаңы жыл майрамы өтпөйт.
"Майрамдан дагы элдин ден соолугу маанилүү" деп жазылат маалыматта.
Польшада коронавирус инфекциясынан 192 миң 539 адам кабылган. Алардын арасынан 95 миң 956 бейтап сакайса, 3 миң 721 адам каза болгон.