Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо токтотулганы тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун расмий сайты маалымдаган.
Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги мектеп бүтүрүүчүлөрүнө Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануу үчүн төмөндөгү онлайн ресурстарды сунуштайт:
▪️ ЖРТга даярдануу боюнча кыргыз жана орус тилиндеги колдонмо. Ал ЖРТга катышуу үчүн каттоодон өткөн ар бир абитуриентке берилет жана Билимди баалоо окутуу усулдары борборунун сайтынын Жалпы республикалык тестирлөө бөлүмүндө жайгашкан;
▪️ Негизги тесттин бардык бөлүмдөрү жана предметтик тесттердин баарын камтыган кыргыз жана орус тилдериндеги ЖРТга даярдануу боюнча видеосабактар. Ал Билимди баалоо окутуу усулдары борборунун сайтында жана ютуб каналында жайгаштырылган.
▪️ ЖРТнын негизги тести боюнча 2019-жылы тартылган жаңы кыргыз тилиндеги видеосабактар. Ал Билимди баалоо окутуу усулдары борборунун сайтында, Илим-Элим онлайн билим берүү платформасында жана ББОУБнун ютуб каналында жайгашкан.
▪️ Кыргыз жана орус тилдериндеги (негизги жана предметтик тесттер) акысыз онлайн (2 вариантта) сынак тест.
▪️ Билимди баалоо окутуу усулдары борборунун Фейсбуктагы жана башка баракчаларында ЖРТ тууралуу маалымат, негизги жана предметтик тесттерди тапшыруу боюнча кеңештер бар.