Бүгүн, 25-мартта саат 15:00гө карата коронавируска байланыштуу өлкөдөгү абал тууралуу онлайн маалымат жыйын өтүүдө. Анда Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова маалымат берип жатат.
Соңку маалыматка ылайык, өлкөдө дагы 2 жарандан коронавирус аныкталды. "Жуктуруп алгандардын абалы канааттандырарлык" деп билдирет Айнура Акматова. Бири – 1960-жылы туулган эркек киши, Бишкек шаарынын тургуну (коронавирус жуктуруп алган адам менен байланышта болгон), экинчиси – 1985-жылы туулган эркек киши, Чүй облусун Москва районунун тургуну (Дубайдан келген).
Бүгүнкү күнгө карата өлкөдө коронавирус менен жабыркагандардын саны 44.