Бүгүн, 25-мартта Өкмөт үйүндө ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев жана Бишкек шаарынын вице-мэри Азизбек Алымкулов онлайн маалымат жыйын берүүдө.
Анда Алымкулов коменданттын орун басары болуп дайындалганы белгилүү болду.
Маалымат жыйында Бишкек шаарына өзгөчө абал киргендигине байланыштуу коменданттык саат тууралуу түшүндүрмө берилди. Алардын ичинен Алымкулов "Коменданттык саат мезгилинде ит менен сейилдесе болобу?" деген суроого төмөндөгүдөй жооп берди:
"Ит менен сейилдөөгө коменданттык саат убагынан тышкары маалда уруксат берилет. Бирок коомдук тартипти бузбоо жана бир гана адам сейилдетүү шарты менен экенин эске салабыз", - деп жооп берди Азизбек Алымкулов.
25-мартта өлкөдө дагы 2 жарандан коронавирус аныкталды. Бүгүнкү күнгө карата өлкөдө коронавирус менен жабыркагандардын саны 44.