30-март коронавирустан айыккан 3 жарандын ооруканадан чыгарылышы менен эсте калды.
Ошол эле учурда дагы 10 адамдан коронавирус аныкталды. Ошентип, илдетти жуктуруп алгандардын жалпы саны 94кө жетти. Жогорудагы жакшы болуп калгандар да, акыркы диагнозунан оору чыккандар да Жалал-Абад облусунун тургундары. Аталган дубан өлкө ичинде коронавирус аныкталгандардын саны боюнча облустардын сап башында.
Биринчи вице-премьер, саламаттыкты сактоо министри жана ички иштер министри маалымат жыйын өткөрүштү. Анда айрым аймактарга киргизилген өзгөчө абал элдин үйдөн чыкпай отурушунда жетишсиз чара болуп жатканы айтылды. Эми борбор калаада 410 кызматкер жөө патрулдук кылмай болуп жатат. Дагы бир оркойгон маселе бул - үй карантинине чыгарылгандардын тартип сактабагандыгы. 30-марттан тарта үй карантиндин тартиптерин бузган жарандарга чара колдонула баштары маалым болду.
Күн ичиндеги кабарлардын ток этери Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандан тарта жарыяланууда. 18-март, 19-март, 20-март, 21-мартты, 22-мартты, 23-мартты, 24-мартты, 25-мартты, 26-мартты, 27-мартты, 28-мартты, 29-мартты окугуңуз келсе, ошол күндү басуу аркылуу тиешелүү шилтемеге өтө аласыз.