Коронавирустун очогу болгон Ухан шаарында автобустар каттамга чыгарылды

Дүйнө жүзүнө тараган коронавирус инфекциясынын очогу болгон Кытайдын Ухан шаарында автобустар каттамга чыгарылды. 2 айдан бери карантин жарыяланган шаардын көчөлөрүндө 117 автобус линиялары ишке киришти. Ухандагы бүгүнкү көрүнүш видеого тартылып калган. Андан жүргүнчүлөрдүн дене табын атайын тиркеме менен текшерип жатканын көрүүгө болот.

Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, шаар боюнча жарыяланган чектөөлөрдүн баары 8-апрелде толук алынары күтүлүүдө. Ал эми Хубэй провинциясындагы карантин алынып, үч аэропорт ишин кайра жандантканы айтылат маалыматта.

Кытайда коронавирус менен жабыркагандардын жалпы саны 81 миң 661ге жетсе, айыккандар 73 миң 773 адам болду. Ал эми 3 миң 285 жабырлануучу каза болду.

2 айлык карантинден кийинки Ухан шаарындагы көрүнүш
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Aiymkunumjyldyzym
2020-03-25 22:51:16
Бизге да ушул кун эртерээк келсин.Мекендештерибиз айыгып кетсин ылайым!
+19
Batma.Sh
2020-03-25 23:02:16
Бизге да ушул күн келсин!!!
Жакшы жаңылыктарды уксунчу кулагыбыз.
Айыгып кетишсин Кыргызстандыктарыбыз.
Ыйык орозо айыбызды сүйүнүп тосуп алалы.
+9
ZUXRIDDIN20
2020-03-25 23:04:42
Кытай өзү чыгарып алып ооруну эми дүйнө жүзүнө таратып өзүнүн граждандарын айыктырып алды вакцина менен. Кытай айткан эле сендер курал жарак менен дүйнөну колго алышсаң мен башка жол менен ишке киришем деп.эми дүйнө мамлекеттерин духун алып, карызга батырып койду
Булардын баары менин жекече оюм
+10
ZUXRIDDIN20
2020-03-25 23:06:04
ИншаАллах биздин өлкөлөргө да жакшы күндөр келип карантиндер алынат
+8
mirkaa5182
2020-03-26 00:29:32
Кытайлардай болуп чыдамкай, сабырдуу болуп жеңишибиз керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан