Жеңиштин 75 жылдыгына карата массалык иш-чаралар өтпөйт. Президент "Өлбөс полк" иш-чарасын онлайн форматта өткөрүү сунушталып жатканын айтты

"Биз түзүлгөн кырдаалга байланыштуу 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата массалык иш-чараларды өткөрө албайбыз", - деп президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы акыркы жылдары элдин кеңири колдоосуна ээ болгон массалык акция "Өлбөс полк" иш-чарасын онлайн форматта өткөрүү сунушталып жатканын кошумчалады.

Ошону менен бирге Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана тылдын катышуучуларына өткөн жылдардагыдай эле өзгөчө көңүл бөлүнөрүн, жалпыга маалымдоо каражаттарында Улуу Жеңишке арналган долбоорлор кеңири чагылдырыларын белгиледи.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
chake
2020-04-28 19:12:56
азыр оюн зоок өткөрүү мезгили эмес муну баарыбыз туура түшүнүү менен кабыл алуубуз керек
+1
robot111
2020-04-28 19:16:42
чон аталардын эрдигин кандай кун болсода унутпашыбыз керек.
-1
Alimbek1000
2020-04-28 19:13:31
75 миң сом берип атышканы жакшы жышаан
0
nurgaz
2020-04-28 21:05:35
Туура эле мындай майрамдардын кереги деле жок, чыгаша кылыштын кереги жок.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан