Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Саматбек Ибраев кызматтан кетти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибрагим Нуракун уулу тастыктады.
Анын айтымында, Саматбек Ибраев 23-мартта өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. 24-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун буйругу менен Алмазбек Сабырбеков Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп дайындалды.
Саматбек Ибраев 2017-жылдын апрель айынан бери бул кызматты аркалап келген.
Алмазбек Сабырбеков Жумабековдун кеңешчиси болуп иштеп, ката жазылган катка байланыштуу кызматтан бошотулган.