Назирбек Бөрүбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Назирбек Бөрүбаев тууралуу маалымат:
Билими - жогорку, Ташкенттеги ТИИИМСХ институтун инженер-жер пландоо адистиги боюнча аяктаган;
1969-жылы Лейлек районунун «Кара-Суу» сегиз жылдык мектебинде башталгыч класстын мугалими;
1975-1984-жылдары «Кыргызгипрозем» институтунун Оштогу филиалында инженер, партиянын башчысы;
1984-1986-жылдары Лейлек райондук айыл чарба башкармалыгында башкы инженер-жер пландоочу;
1986-1989-жылдары Лейлек райондук элдик көзөмөл комитетинде инспектор;
1990-жылы партиянын Лейлек райондук комитетинде инструктор;
1992-жылга чейин Лейлек районунун Лейлек айылдык кеңешинин төрагасы;
1992-1994-жылдары Лейлек районунун «Кара-Суу» айыл чарба кооперативинин төрагасы;
1994-1996-жылдары Лейлек райондук агрардык реформа боюнча борборунда башкы адис;
1996-1999-жылдары Лейлек районундагы Лейлек айыл өкмөтүнүн башчысы;
1999-2000-жылдары Лейлек райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгында башкы адис;
2000-2011-жылдары Баткен облустук кыймылсыз мүлк жана жер ресурстары боюнча борбордун директору;
2011-2013-жылдары «Кыргызмамжердолбоорлоо» мамлекеттик долбоорлоо институтунун түштүк аймактык бөлүмүндө башкы адис;
2013-2020-жылдары «Кыргызмамжердолбоорлоо» мамлекеттик долбоорлоо институтунда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы.