Орусияда акыркы бир сутка ичинде 9 миң 35 адамдан коронавирус аныкталды

Орусиянын 84 аймагынан акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясы 9 миң 35 адамдан аныкталды. 162 адам каза болсо, 3 миң 994 бейтап айыгып, ооруканалардан чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында - 2 миң 297;

Москва облусунда - 728;

Санкт-Петербург шаарында - 364;

Нижегород облусунда 315 адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 414 миң 878 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 4 миң 855 адам каза болсо, 175 миң 877 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан