Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен 3 адам каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.
Билдирүүгө ылайык, каза болгон үч бейтап тең Бишкек шаарында катталды.
Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 1643 кишини түздү.