Бүгүн, 20-сентябрга карата дүйнөдөгү статистикага ылайык, коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 30 миллион 674 миң 77 болду (+278 миң 498). Анын ичинен 20 миллион 908 миң 811 бейтап айыгып чыкты. Тилекке каршы, 955 миң 440 адам каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 6 миллион 764 миң 803 адамдан коронавирус аныкталды. 199 миң 258 адам каза болсо, 2 миллион 577 миң 446 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 5 миллион 308 миң 14 адамдан аныкталды. 85 миң 619 адам каза болсо, 4 миллион 208 миң 431 бейтап айыкты.
Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Аталган өлкөдө 4 миллион 528 миң 240 адам вируска кабылган. 136 миң 532 бейтап көз жумса, 3 миллион 936 миң 893 бейтап оорудан сакайды.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.