Түштүк Кореяда сутка ичинде 3 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде 66 адам илдеттен айыкса, жалпы коронавирус жуктургандардын саны 10 миң 804. Ал эми алардын 9 миң 283ү айыгып, 254 адам каза болгон.
Эки аптадан бери Түштүк Кореяда вирус жуктургандардын саны 9га жеткен. 30-апрелде өлкөдө коронавирус катталган эмес.