Роза Шакирова айылда мал караса, Ильяз Абдыразаков колу тийбей жүргөн аранжировкаларына киришти. Карантинде жылдыздар эмне менен алек?

Коронавирус пандемиясы Кыргыз өлкөсүнө келгенден бери бир апта өттү. Көрсөткүчтөр күн санап аздык менен болсо да көтөрүлүп жатат. Андыктан өлкөдө алгач өзгөчө кырдаал режими жарыяланып, 25-марттан тартып Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондоруна өзгөчө абал режими киргизилген. Кырдаалга байланыштуу учурда бардык жарандарга үйүнөн чыкпоо талабы коюлган. Ар дайым тойдо, сахнада, акыркы кезде чет өлкөлөдө эс алууну адатка айланткан жылдыздар үй карантинин кандай өткөрүшүүдө? SUPER.KG порталы бул темада атактуулар менен баарлашты.

Самара Каримова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: "Зериккенде ырдап, өзүмдү өнүктүрүү менен алекмин"

- Мен ушул оору эртерээк өтүп кетсе экен деп Кудайдан тилеп отурам. Албетте, эне болгон соң балдардын саламаттыгын ойлонот экенсиң. Балдарымды мурун апам карачу. Апам Бишкекке туугандарды көрүп келейин деп кетери менен өзгөчө абал режими жарыяланып, борбордо калып калды. Азыр 3 балам тең өзүмдө. Алардын тамагын берип, атасы экөөбүз жарышып ойноп позитивдүү маанайда убакыт өткөрүп жатабыз. Биздин үй Ош шаарынын борбордук көчөсүндө болгондуктан, күнү-түнү патрулдук милиция кайтарып, дезинфекция кылып жатышат. Үйдө бекер отурбай китеп окуп жатам, зериккенде ырдап өзүмдү өнүктүрүү менен алекмин.

Гүлжигит Сатыбеков, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: "Бала-чака менен үйдөмүн, көчөгө чыкмай жок"

- Өлкөдөгү кырдаалга жараша үйдөн чыкпагыла дешти эле бала-чака менен эч жакка чыкпай отурабыз. Чынында балдар менен алышып, зериккенге деле убакыт жок. Зериккенде музыка жаза калам. Айтор, азыр чыгармачылыкка жакшы шарт түзүлдү.

Роза Шакирова, ырчы: "Таласта суу жылытып оокат кылып, мал карап жатам"

- Биз 18-мартта Таласка үйүбүзгө дарбаза курабыз деп келгенбиз. Ошону менен карантин жарыяланып, кете албай калдык. Айыл жеринде зериккенге убакыт жок. Күндө эртең менен эрте туруп суу жылытып, баарынын колдорун ысык суу менен жууп, ысык чай берип, түшкү тамак, кечки тамак менен алекмин. Бошой калганда короого чыгып мал карамай. Витамин болсун деп пайдалуу жер-жемиштен салаттарды жасап жеп жатабыз. Күн чыкканда таза абага, күнгө чыгып дем алып жатабыз. Таласта абал тынч, Кудайга шүгүр, бирок кошуналар менен кирип-чыкмай жок. Көчөдө эч ким көрүнбөйт. Үйдү, эшиктердин кармагычтарын хлор менен жууп, шаарда кылбаган иштерди кылып жатам.

Айнура Салахидинова, ырчы: "Балдарым менен үйдөн чыга албай, күчүбүздү тамактан чыгарып жатабыз"

- Көчөгө көп чыгып көнгөн жаным башында үйдө отуруп калганыма буулугуп жаман болдум. Кийинчерээк көнүп деле калдым. Аябай уктасам керек деп ойлоп жаткам, андай деле болгон жок. Биз карантин жарыяланганы үйдөн чыга элекпиз. Керектүү азык-түлүктү жолдошум бет кабын, колуна кол кап кийип барып алып келип жатат. Күнүм балдарыма түрлөп тамак жасоо менен өтүп жатат. Бир күнү манты дешет, аны жасап жатсаң келет да, мен шашлык жегим келип жатат дейт. Айтор, күчүбүздү тамактан чыгарып жатабыз (күлүп). Кошуна-колоң, достор менен катышмай да калды. Телефон менен гана кабарлашып калдык.

Алмаз Шаадаев, ырчы: "Уйкунун планын толтуруп жатам"

Алмаз Шаадаев Инстаграм баракчасына катталуучуларынын көңүлүн көтөрүү максатында эркектерге лайфхак катары ич кийимин бет кап кылып кийген видео жүктөгөн. Видеосун хейтерлер дароо сынга алып, Алмаздын "лайфхагын" жактырбаган пикирлерин жазышкан. Ошондон улам ырчы видеосун өчүрүп салган.

- Азыркы кырдаал элдин пейилинин бузулганынан деле болду деп ойлойм. Той-ашта жүрсөң, ушунча ысырапчылыктын эмне кереги бар дей беришчү. Мына, жазалап койду. Бул чоң сыноо. Мындан көрө жакшылыктын болуп турганы деле жакшы эмес беле? Биз деле эл мененбиз, үйдө уйкунун планын толтуруп, кино көрүп жатабыз. Бекерчиликте элге позитивдүү маанай тартуулайын десең, ал да жакпайт экен (күлүп) Азыркы абал экономикалык жактан баарыбызга зыянын тийгизди. Үй карантининде отуруп, мен бир нерсени түшүндүм, адамзат жашоодогу көп нерсени баалабайт экенбиз. Көрсө, мурун көчөдө кенен басып жүргөн убактыларыбыз деле өзүнчө бакыт болгон экен. Коронавирус пандемиясын мен дүйнө жүзү боюнча адамзатына берилген сыноо деп кабыл алам.

Ильяз Абдыразаков, ырчы: "Тойдон кол тийбей жаткан буюртмаларды алып иштеп жатам"

- Мен мурун той-топурдан кол бошобой, ала албай жүргөн буюртмаларды Казакстан, Орусиядан бери онлайн түрүндө алып, аранжировка жасап жатам. Мурун бошой албай макул деп коюп, убакыт бөлө албай жүрдүм эле. Бул жагынан алганда жакшы болду. Ал эми экинчи жагынан оору эч кимге жукпаса экен, зыяны тийбесе экен деп отурабыз. Гигиеналык эрежелердин баарын сактап жатабыз. Келинчегим Медина балдар менен үйдөн чыкпайт, зарыл учурда гана мен чыгып, келгенден кийин жуунуп, кийимдеримди алмаштырып, болушунча эрежени сактаганга аракет кылып жатабыз.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
katerina.li
2020-03-27 13:11:47
Самара Каримова неге балдарын озу бакпайт?? Дайыма эле апам багат деп басып журот
+5
Samatalibei
2020-03-27 13:23:52
katerina.li, Номерин таап чалып сурап көр неге озун бакбайсын деп!
-2
Osh2017g
2020-03-27 14:01:40
katerina.li,Асан ака Самара Самаранын атасы апасы болуп жашашат окшойт.
0
aydinnur
2020-03-27 13:21:40
Жылдыздар десе ойлопмун асмандагы жылдыздарга жан кирдиби деп))Жон эле ырчылар деп жазбайсынарбы,чыныгы жылдыздар азыр жер алдында же асманда..
+7
kechirmeni
2020-03-27 13:40:18
Жылдыз болуп асманга чыгып кетттинер эле жерге тушупсунор да, 100долларга деле чыга берет элек деп атсанар керек. Мин долларга чыгып жургондор
+4
KaGaH
2020-03-27 13:42:51
Ой койчу ай, эмгек сиңирген артист деп тим эле,тиги экөөсүн силердин наамды сатып алганынарды баары эле билишет, Токтобүбү Черикчиева,Малик Аликеев,жана башка эже агалар бар наамга татыктуу.уятынар болсо наамды кайтарып ошолорго бергиле
+4
katerina.li
2020-03-27 14:49:23
Кара алма карантиндеби же вход свободный??
+1
Ma9
2020-03-27 16:06:38
Иляздын балдары баары озуно окшошко
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан