Вакциналар адамдын организмине кандай таасир берет? Эмдөөнүн кандай артыкчылыктары бар? Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин жообу.
Вакцина адамдын организмине кирип, антителолордун - иммундук системди коргоочу элементтеринин пайда болушуна өбөлгө түзөт. Алар белгилүү бир патоген менен күрөшүп, белгилүү бир вируска же бактерияларга каршы күрөшөт. Натыйжада антителолор оорунун башталышын алдын алат же оор кесепеттерге алып келүү мүмкүндүгүн азайтат. Башкача айтканда, иммундук систем вакцина менен кошо киргизилген оору козгогучтарынын антигендерин "эсине сактап калат". Кийинчерээк мындай патогендерге кабылганда, аларды таанып, алар тирүү клеткаларга киргенге чейин жок кылууга аракет кылат.
Антителолор организмге кирген вирустар менен гана күрөшөрүн түшүнүү керек. Буга мисал COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөн адам коронавирус инфекциясына кабылбайт деп ишенүү жаңылыштык дегенди билдирет.
Антсе да эмдөө илдеттин оорлошуп кетүүсүн жана өлүмдүн ыктымалдуулугун бир кыйла төмөндөтөт. Ошондой эле оору жеңил түрүндө өтөт.
Вакцинациянын дагы бир маанилүү ролу - COVID-19га каршы азырынча пайда боло элек коллективдик иммунитетти калыптандыруу. Башкача айтканда, калктын көпчүлүгү эмдөөдөн өткөндө, инфекциянын жайылуусу токтойт жана жаңы жуктуруп алгандардын саны азаят. Бул айрыкча, ден соолугуна байланыштуу эмдөөдөн өтө албаган адамдарды коргоо үчүн маанилүү.
Эске салсак, өлкөдө коронавируска каршы эмдөө жүргүзүүнүн улуттук планы
иштелип чыккан.