"Airbus" компаниясы 2021-жылдын жай мезгилине чейин 15 миң кызматкерди жумуштан кетирет

Дүйнөдөгү ири учак өндүрүүчү компаниялардын бири болгон "Airbus SE" компаниясы 2021-жылдын жай мезгилине чейин 15 миң кызматкерин жумуштан кетирүүнү пландап жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Мындай чечим коронавирус пандемиясынын кесепетинен пайда болгон чыгымдын ордун толтуруу максатында кабыл алынган.

Маалыматка ылайык, акыркы айларда кризистен улам авиакомпаниянын коммерциялык баалуулугу 40 пайызга төмөндөп кеткен. Ошондой эле аталган компания өлкөдөгү абал калыбына келгенге чейин каттамдарын токтотуп турууну чечкен. Буга байланыштуу айрым филиалдарын жабууга туура келет.

“Аirbus өндүрүштөгү эң оор кризисти башынан өткөрүүдө”, - деп билдирген компаниянын жетекчиси Гийом Фори.

.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан