Саламаттыкты сактоо министри Спутник V вакцинасы канча сомдон сатып алынганын айтты

Спутник V вакцинасы 10 доллар, Синофарм вакцинасы 7 доллардан сатып алынды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Жыйында Умбеталы Кыдыралиев азыркы учурда вакциналардын баасы канча болуп жатканына кызыкты.

"Азыркы учурда бир вакцинанын, тагыраагы Спутник V вакцинасынын баасы 10 доллар, Синофарм вакцинасы 7 долларды түзүүдө.

Биз тезинен эмдөөнү жүргүзүшүбүз керек. Бишкек шаарында, Чүй облусунда өзүм барып көзөмөл кылып жүрөм", - деп кошумчалады Бейшеналиев.

Министрдин айтымында, акыркы учурда эмдөөнүн биринчи жана экинчи дозасын алгандар 130 миң адамга жеткен.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Aiymkan89
2021-07-12 16:41:53
Бул жалганчырак эле, 1ди 10 деп айткан сом болсо деле доллар дей берет. Ишенич кыйын! Канча вакцинаны жок кылдыго
-3
baisogur
2021-07-12 16:53:37
Aiymkan89,Негатив
-2
Apyn8793
2021-07-12 17:00:12
Aiymkan89, аңга түшкөн Айымкан)))
0
Nina.alex
2021-07-12 17:37:19
Клоун
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан