Орусияда коронавирус эпидемиясы майда басаңдашы мүмкүн

Орусияда коронавирус эпидемиясы май айында басаңдашы мүмкүн. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы эпидемиологу Николай Брикого таянып, орус басылмалары жазып чыгышты.

Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы эпидемиологу Николай Брико коронавирус эпидемиясы өлкөдө май айында жайлашы мүмкүн деп билдирүүдө. Анын айтымында, башка курч респиратордук инфекция сыяктуу коронавирустун да күз-кышында козголуучу сезону бар. "Вирустун тездик менен жайылуусу ооруга кабылгандардын кескин өскөндүгүн билдирбейт. Вирус баштагыдай эле иммунитети төмөн болгон, өнөкөт оорусу бар жана кары адамдар үчүн коркунучтуу. Учурда бир катар медициналык мекемелерде тест жасоого лицензия бар. Алар вирустун жеңил түрүн аныктай алат", - деген эпидемиолог.

Буга чейин коронавирус менен жабыркагандарды дарылаган Коммунарка ооруканасынын башкы дарыгери Денис Проценко Моквада коронавирус менен ооругандардын күчөгөн маалы келерки аптага туура келүүсү мүмкүн деп билдирген.

Акыркы маалыматка караганда, Орусияда коронавирус менен ооругандардын саны 1036га жетти, анын 703 бейтабы Москвада катталган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Barak-9494
2020-03-27 17:02:36
Ммм
-2
Dinash
2020-03-27 17:09:18
Мындай жанылыкты окуй берип депрессияга да тушуп кетейин деп атамын,озумдон корккон жокмун, кыргыз элим Аман болсо болду
+10
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан