
Нью-Йоркто өлүк сактоочу жайларда болуп жаткан кырдаалды жөнгө салыш үчүн көчөлөрдө өлүк сактоочу атайын муздаткычы бар жүк ташуучу унаалар даярдалууда. Бул тууралуу "New York Daily News" басылмасы жазып чыкты.
"Биз саламаттыкты сактоо тармагында кризиске кабылдык, шаарда өзгөчө кырдаал киргизилди", - деп билдирген шаар жетекчилигинин өкүлү Аджа Ворси-Дэйвис.
Мындан сырткары шаарда вирустан көз жумган адамдардын денелерин сактоо үчүн атайын чатырлар тигилип жатат. Муздаткычы бар атайын жүк ташуучу унааларга 3 миңден ашык дене батат.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму берген маалыматка ылайык, вирустан дүйнө боюнча жалпы 24 миңден ашык адам көз жумган.