Коронавирус жуктуруп алган футболчулар

Кытайдан чыккан коронавирус оорусу дүйнөгө кулачын жайып, бүгүнкү күндө бул ооруну жуктургандардын саны жарым миллиондон ашты. Бул оору дүйнөлүк экономикага, дүйнөлүк спортко жана спорттук иш-чараларга чоң таасирин тийгизди. Алсак, Европа өлкөлөрүндөгү спорттук иш-чаралар, футбол боюнча өлкө чемпиондуктары коронавирустан улам белгисиз мөөнөткө жылдырылса, быйыл өтө турчу "Токио-2020" жайкы олимпиада оюндары жана футбол боюнча Европа чемпиондугу (Евро-2020) кийинки жылга жылдырылды.

Коронавирус оорусун дүйнөгө белгилүү адамдар дагы жуктуруп алышты. Жуктуруп алган белгилүү адамдар учурда ооруканада дарыланып жатышса, кээ бирлери айыгып чыгып жатышкандыгы кабарланат. Биз сиздерге учурда бул ооруну жуктуруп алып, дарыланып жаткан футболчулардын тизмесин жарыялайбыз:

АПЛ (Англия Премьер-Лигасы) жана Чемпионшип (Англия): Каллум Хадсон-Одои ("Челси"), Жеймс Болтон, Энди Кэннон, Шон Рагет (үчөө тең "Портсмут");

Ла Лигасы (Испания): Хосе Луис Гайя, Эсекьель Гарай, Эльяким Мангала (бардыгы "Валенсия"), У Лэй, Леандро Кабрера ("Эспаньол"), Жонатас ("Эльче"), Йелко Алфая ("Бергантиньос");

"А" Сериясы (Италия): Даниэле Ругани, Блез Матюиди жана Пауло Дибала (бардыгы "Ювентус"), Херман Песселья, Патрик Кутроне, Душан Влахович (бардыгы "Фиорентина"), Маноло Габбьядини, Омар Коллей, Олбин Экдаль, Антонино ла Гумина, Мортен Торсби, Фабио Депаоли, Бартош Берешиньски (бардыгы "Сампдория"), Маттиа Цаканьи ("Верона"), Кинг Пол Акпан Удо ("Пьянезе");

Бундеслига (Германия): Максимилиан Миттельштедт ("Герта"), Лука Килиан ("Падерборн 07"), Яннес-Килиан Хорн, Тимо Хюберс (экөө тең "Ганновер-96").

Бул футболчулардан сырткары Англиянын "Лестер" клубу 3 футболчусу коронавирус жуктуруп алганын айтып аттарын жашырып коюшкан жана дагы Испаниянын "Алавес" футболдук клубу 15 футболчусу жуктуруп алгандыгын айтып, аттарын атоодон баш тартышкан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан