Нарын облусунда көзөмөл өткөрүү посттору уюштурулуп, мал базарлар убактылуу жабылды. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, коронавирустун алдын алуу максатында Нарын облусунун Жумгал, Кочкор жана Ак-Талаа райондорунун кире беришине көзөмөлдөп өткөрүүчү посттор уюштурулду. Жумгал районунун Арал аймагында, Кочкор районунун Сары-Чат, Ак-Талаа районунун Актал-Чат аймактарында уюштурулган посттордо жол коопсуздугунун кызматкерлери менен бирге ветеринарлар жана дарыгерлер кирип чыккан жарандарды көзөмөлдөп өткөрүшөт.
Мындан сырткары штабдын протоколу менен ар бир райондогу мал базарларды убактылуу жабуу тапшырмасы берилди. Себеби мал базарларда башка облустардан келген элдин агымы көп болуп, жугуштуу оорулардын таралышына өбөлгө түзүлөт. Ошол себептен дезинфекциялоо максатында мал базарларды жабуу чечими кабыл алынды деп жазылат маалыматта.