Жогорку Кеңештин комитети бюджетти колдоо багытында Азия өнүктүрүү банкынан 50 миллион доллар алуу боюнча макулдашууну колдоду

Жогорку Кеңештин комитети бюджетти колдоо багытында Азия өнүктүрүү банкынан 50 миллион доллар алуу боюнча макулдашууну колдоду.

Финансы министринин орун басары Алмазбек Азимов сунушталып жаткан программа Азия өнүктүрүү банкы тарабынан Кыргыз өкмөтүнө көрсөтүлүүчү каржылык колдоону камтый тургандыгын белгиледи. Алынган каражат COVID-19 илдетинин ден соолукка зыяндуулугун азайтуу менен социалдык-экономикалык каатчылыкты төмөндөтүүгө жумшаларын кошумчалады. Бюджетти колдоо багытында Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 50 миллион доллар алынат. Анын 25 миллион доллары грант, калганы насыя.

Аталган программанын насыялык бөлүгү 24 жылга алынып, анын 8 жылы 1 пайыздык жеңилдетилген мөөнөт, ал эми калган негизги мөөнөт 1,5 пайыздан төлөнөт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Tolkun555
2020-05-26 12:38:49
Кырк байталдын карызы карыз беле!!!!
+2
Qwer007
2020-05-26 13:04:16
Эн лолу мамлекет болуп калдык. Эл башкаргандар атанарга наалат. Супер Кыргыз Озбек чек арада эмне болуп жатат маалымат берип койсонор
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан