Март айынан тартып Ысык-Көл облусунда 21 миң 408 үй-бүлөгө гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 23-май күнү брифинг учурунда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Дамир Моңолдоров билдирди.
"Коронавирус катталган март айынан тартып бүгүнкү күнгө чейин облус боюнча 57 миң 988 адам жардамга муктаж катары катталды. Анын 23 миң 349у мурунтан аз камсыз болгон үй-бүлө катарында каттоодо тургандар. Ал эми 34 миң 559 үй-бүлө эпидемияга байланыштуу убактылуу муктаж болуп кайрылгандар. Учурда жардамга муктаж 21 миң 408 үй-бүлөгө гуманитардык жардам берилди", - дейт Моңолдоров.